Сыймык Жапыкеев: «Депутат болбой деле элге кызмат кылууну чечтим»

Жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев акыркы учурда көптү кызыктырып жаткан суроого жооп берди. Дегенибиз, ал парламенттик шайлоого талапкерлигин койбогонун жазып чыкты.

«Депутаттыкка койсок, азыр агитация деп чуркап жүргөн кез болмок. Мага чынында абдан көп кишилер партиясына, бир мандатка чакырышты. Бирок жөн эле депутат болбой деле элге кызмат кылууну чечтим«, — деп жазды ал.

Буга чейин берген маектердин биринде ал шайлоого барса, бир мандаттуу менен Тоң, Жети-Өгүзгө коёрун, болбосо, бир да партияга кошулбарын айткан эле.