Сыймык Жапыкеев: «Экономиканы түп-тамырынан бери Сооронбай Жээнбеков өлтүрүп кетти»

Кыргызстандын экономикасын түп-тамырынан бери өлтүрүп кеткен Сооронбай Жээнбеков. Ал 3 жыл бою Алмазбек Атамбаев менен согушуп туруп алды. Бул тууралуу Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев «Автор ТВга» берген маегинде билдирди.

«Ал президенттикке Алмазбек Атамбаев менен согушканы келгендей эле болуп калды. Өзүн президент кылды, анан кайра тигиге каршы чыкты. Экономиканы нөлгө түшүрүп кетти. Ал эми бул бийлик 25 миллиард сом дефицит менен алды. Биз алып атканда бюджетте бир да тыйын жок экен. Каралбай калыптыр. Ал эми Садыр Жапаров мындайча айтканда, «өлгөн» Москвичке отурган да. Же аккумулятору жок, от албаган, май ичкен. Эми азыр аны оңдоп-түздөбөй эле Фольксвагенге отуруш керек да», — деди ал.