Сыймык Жапыкеев: «Миллиардер Жумалиев кармалды. УКМК, азаматтар!»

Чагымчылдыкка алдырбай тынч тура туралы. Финпол калчудай. Бул тууралуу кечээ, 4-февралда Каржы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“УКМК коррупция жана өзгөчө оор, чоң мааниге ээ кылмыштарды иликтейт, аны менен күрөшөт, ал эми Финпол экономикалык кылмыштар менен күрөшөт. Депутатка алыбыз жетпесе да, балдарын камаганбыз. Бирок ал да сот аркылуу чыгып кеткен. Бүгүн Жумалиевди УКМК басыптыр, бир чети туура болду. УКМКнын мүмкүнчүлүгү көп, СИЗОсу да бар. Өздөрү изилдешсин.

Достор, акыркы күндөрү мени жамандап ушак чыгаргандар көбөйдү. Провокацияга алдырбай тынч эле тура туралы. Жумушка жабышкан жокпуз. Бирок Финпол буюрса калчудай”, — деди Жапыкеев.

Анын айтымында, акчага таянган маал өттү. Коррупция менен күрөшүү башталды.

“Сабырдуулука чакырам. Мына акчага таянган маал өттү. Миллиардер «Граф» коронавирустан өтүп кетиптир, ыйманы саламат болсун. Миллиардер Жумалиев кармалды. Коррупция менен күрөшүү накта башталды. УКМК, азаматсыңар!”, — деди ал.