Сыймык Жапыкеев парламенттик шайлоого барабы? Өзүнүн жообу

Мен шайлоого бир да партия менен барбайм. Бул тууралуу Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев Ютуб каналга берген маегинде билдирди.

«Шайлоого барсам, бир мандаттуу менен Тоң, Жети-Өгүзгө коём. Кудайга шүгүр, чоң-чоң ишкерлер бар. Жардам беребиз деп жатышат. Жарандар да чалып жатышат. Ошол жөнүндө азыр ойлонуп жатам. Бирок саясатка деле «ыраазы» болуп баратам. Анткени сөздөрүнө турбайт экен», — деди ал.

Ал мындан тышкары, партиялардан сунуш түшүп жатканын айтты.