Жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев президент Садыр Жапаровго кайрылды.
«Садыр Нуркожоевич, футболду катуу ойнойт экенсиз, кечке кайталап көрдүм. Сизди да футболдун 100 жылдыгы менен куттуктайм. Кыргыз футболун чынында өркүндөтүш сиздин түздөн-түз милдетиңиз, биздин да милдет. Футбол ойногонго президент укуктуу.
Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сизге кайрылуу: Сиз ажосуз, президентсиз, сизди аңга түртөм дегендер көбөйдү. Алар оппозиция эмес, алар сиздин жаныңызда жүргөн эле «красавчиктер», сизге таза эместер өтө көп жабышып, туура эмес кеңеш берип жатышат. Элде нааразычылык көбөйө баштады. Мени тилдегендер толтура «сен эле кылдың» деп. Мен сизге ининиз катары кайрылып жатам. Бизде көп жер кыйрап жатат. Кеңешчилериңизди алмаштырыныз, Сүйүнбек Касманбетов эмне болуп эле сиздин жаныңызда жүрүш керек? Биз, сиз түрмөдө жатканда, чыркырап жүргөндө ушулар кайда эле? Садыр ава, мен сизге душман эмесмин. Жакшы эле болсун деп жатам. Кадр саясаты өтө чатак болуп калды. Таза иштерман адамдарды коюңуз. Өлкөбүздөн кыйын билгичтер чыгып баштады. Бул чатак. Бир да инвестор келген жок, болгон инвесторлор Өзбекстанга кетип башташты. Финполицияны бекер жойдуңар, товардын баасын финполиция түздөн-түз көзөмөл кылышчу. Ишиңизге ийгиликтер болсун, эл менен болуңуз», — деп жазды ал.