Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев маек берип жатып, президент Садыр Жапаровго болгон таарынычын билдирди.
«Садыр Жапаровго таарыныч болду. Финполду жоюп салды. Эми анын деле себептери бар экен», — деди ал.
Ал мындан тышкары, өлкө башчысы өзүнүн саясатын жүргүзүп жатат деп эсептейт. «Эң негизгиси башка бирөөгө көз каранды болбошубуз керек», — деди ал.