Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан эмне үчүн кеткендигин айтты

Жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы башчысы, Ысык-Көл облусунун мурдагы прокурору Сыймык Жапыкеев «Автор ТВ» Ютуб каналына интервью берип жатып, Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан эмне үчүн кеткендигин айтты.

«Мен ал кызматтан өзүм эле кеткем. Анткени облустук прокурор болуп туруп, мен айткан жумуштарды жасоо мүмкүн эмес. Облус эми бул облус ичиндеги эле иштер, майда нерселер. Биз республикалык масштабдагы күрөш алып барып калдык да, облустук масштабга келип калганда өзүмдүн деле иштегим келген жок. Бирок жакшы эле жумуш. Прокуратурада 15 жыл иштеп, анан ошол жакта кантип иштей албай коймок элем», — деди ал.