Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин башчысынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Анын ордуна ким келди?

Сүйүн Өмүрзаков Ички иштер министрлигинин жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Өмүрзаковдун Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышары айтылды.

Ал 2008-2009-жылдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2009-2020-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеген. 2016-жылдан бери ички иштер министринин орун басары болуп иштеп келген. 

Ал эми анын ордуна кызматка Адылбек Бийбосунов дайындалды. Бийбосунов буга чейин ИИМдин башкы кадрлар бөлүмүнүн башчысы, ИИМдин Академиясынын башчысы болгон.