«Сын-пикир айтаарда этият болсоңуздар!». Президенттин маалымат катчысы депутаттарга кайрылды

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу депутаттарга кайрылып, коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтаарда этият болууну суранды.

«Урматтуу депутаттар! Коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтаарда этият болсоңуздар, сураныч! Депутат — бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйлөрдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз», — деп жазды ал.