Сыртбай Мусаев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагалыгынан бошотулду

Мусаев Сыртбай Жолдошович берген арызына ылайык президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.