Бишкек шаарынын транспорт башкармалыгына жаңы жетекчи келди

Таалайбек Акматбаев Бишкек шаардык мэриясынын транспорт башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Буга чейин Акматбаев Бишкек шаарынын Октябрь районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген.