Таалайбек Апенов ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчылыгынан бошотулду

Апенов Таалайбек Бекболотович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин ал УКМК тарабынан пара алып жаткан жеринен кармалган.