Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Масадыков Таалатбек Шамудинович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул президенттин жарлыгы менен түзүлгөн жаңы кызмат.