Таалатбек Масадыков мурдагы кызматынан бошотулуп, жаңы кызматка дайындалды

Масадыков Таалатбек Шамудинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Ал өткөн жылдын июль айында Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.