Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө мурдагы вице-премьер, Каттоо кызматын жетектеген Тайырбек Сарпашев Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзү алган жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайыт жерлерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин кайтарып берди. Бул тууралуу Финпол маалымат таратты.
Ошентип, мурдагы чиновник мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы этабын аткарат. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын органдары Токтогул районунун Торкен айылынын муктаж, аз камсыздалган жашоочуларына кайтарылып берилген жерлерди андан ары бөлүштүрүү процессин көзөмөлгө алууну көздөп жатат.
Сотко чейинки өндүрүш улантылууда, анын жүрүшүндө Тайырбек Сарпашевдин мүлкүнүн калган бөлүгү, аларды алуу мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жатат. 9-декабрь саат 16:00гө карата Тайырбек Сарпашевге андан аркы тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн Финполдун тергөө башкармалыгына келүүгө чакыруу кагазы тапшырылды.