Тайырбек Сарпашев Финполго суракка чакырылды

Экс-вице-премьер, Каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашев бүгүн, 30-ноябрда саат 17:00гө Финполго суракка чакырылды.

Ал буга чейин ага карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алынат. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Сарпашев чоң мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган учурда көп сандагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып, аларды жакын туугандарына каттаган.

Тайырбек Сарпашев 6-октябрга караган түнү «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкта катуу сабалганы айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, аны башка адамга, тагыраагы Асылбек Жээнбековго окшоштуруп алышкан.