Депутат: «Тажикстан Баткендин 150 тургунун чек арадагы чыр-чатакка катышкан деп издөө жарыялады»

«Тажикстан Баткендин 150 тургунун чек арадагы чыр-чатакка катышкан деп айыптап, издөө жарыялаган». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Ражабалиев билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын укук коргоо органдары Баткенде бир нече жергиликтүү аткаминерлерге кылмыш ишин козгогон. «23-февралда Москва шаарында Кыргыз жараны Замирбек Досматов кармалган. Тажикстан тарабынан издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын 19 жараны бар. Алар азыр Орусияда, батирлеринен чыкпай, кимге кайрыларын билбей, юридикалык жардам сурап жатышат. Баткендин 150 тургунуна, анын ичинде облустун айыл өкмөт башчыларына жана айыл башчыларына карата иш козголгон. Бул багытта Тажикстан менен иштешүүнү Тышкы иштер министрлигине тапшыруу зарыл”, — деди ал. 

Депутат Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде юридикалык кеңсе ачууну сунуштады. «Замирбек Досматовго жардам берип, аны бошотуу керек. Мындан тышкары, Тажикстандын тизмесинде турган калган кыргызстандыктарга юридикалык жардам көрсөтүү керек», — деди ал.