Тажикстан: “Кыргызстандын саясатчылары чек ара боюнча маселелерди айтууда кылдат болуулары керек”

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Төрткүл суу сактагычы боюнча билдирүү жасап, аны мекеменин маалымат кызматы таратты. Анда Тажикстан кыргыз тараптын кээ бир саясий ишмерлери чек ара боюнча маселелерди айтууда кылдат болууга чакырган.

Ошондой эле Тажик тараптын билдирүүсүндө суу сактагычка куйган каналдын башы Тажикстанга берилди делген билдирүүгө маани берип, Кыргыз-Тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация иштери толук аягына чыга электигин айткан. Кыргызстандын мындай айрым саясатчыларынын так эмес билдирүүлөрү чек ара аймагында жашаган боордош калктын абалын курчутушу мүмкүн экендигин да эскерткен. Мындан тышкары Кыргыз-Тажик чек араларын тактоо иштери боюнча учурда сүйлөшүүлөр өкмөттөр аралык комиссиянын кароосунда дагы деле уланып жатканын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 3-февралда премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында өзүнүн программасы менен тааныштырып жатып, Төрткүл «Суу сактагычка куйган каналдын баш жагын алдырыптырбыз», — деп айткан. Коомчулукта Мариповдун билдирүүсү кызуу талкуу жараткандыктан, кийинчерээк өкмөт бул маалыматты четке кагып, сөз Төрткүл суу сактагычына суу бөлүштүргөн башкы бөлүгү тууралуу эмес, «Кайырма» каналы жөнүндө болгонун билдирген. Мындан улам коомчулукта өкмөт башчы катуу сынга алынып, жергиликтүүлөр Мариповго каршы митинг өткөрүп, эртеси Бишкекте да жарандык активисттер нааразычылк акцияларын уюштурушкан.