Тажикстандагы чиновник Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жооп берди

Тажикстандын Гафур районундагы суу насос станциясы Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районун секундасына 3-3,5 куб метр суу менен камсыздайт. Суу Кайраккум суу сактагычынан алынат, деп билдирди «Азия-Плюс» басылмасына Тажикстандын Согди облусунун мелиорация жана ирригация башкармалыгынын директорунун орун басары Халим Хожиев.

Ал Кыргызстандын УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин Баткен облусунун Козу-Баглан дарыясында суу сактагыч куруу тууралуу билдирүүсү боюнча пикирин билдирип жатып, чектеш аймакта суу сактагыч куруу маселеси мамлекеттер аралык макулдашуунун негизинде жүргүзүлүшү керек экенин айтты.

«Бул кыргыз тарап Хожабокиргон дарыясынын башында суу сактагыч куруу каалоосун билдирген алгачкы учур эмес. Сүйлөшүүлөр уланууда, же чогуу курабыз, же сүйлөшүүлөр эмне менен аяктары белгисиз бойдон калат. Кыргызстан суу сактагыч кургусу келсе, биз менен макулдашып, биздин кызыкчылыкты дагы эске алышы керек», — деди Халим Хожиев.

Ал учурда эки өлкө Хожабокиргон дарыясын чогуу колдонуп жатканын белгиледи.

«Азыр бул дарыядан Тажикстан секундасына 600 литр суу алат. Хужанд жана Бустон шаарлары, Бобожонгафуров районунун Хистеварз жамааты, Жабборрасулов районунун Точикобод жамааты ичүүчү суу менен камсыздалат. Ошондой эле Хожабокиргон дарыясы менен Овчи-Калача жамаатынын 9 миң гектар жери сугарылат», — деди ал.

Буга чейин Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Лейлек районундагы Козу-Баглан суусуна Ак-Тоок суу сактагычын куруу пландалып жатканын билдирген эле.