Тажикстандын президенти Кыргызстандын бийлигин кулатууну көздөп жатабы?

Тажикстандын оппозициялык “Группа 24” саясий кыймылынын активисти жана “Реформалар жана Тажикстанды өнүктүрүү” кыймылынын лидери Шарофиддин Гадоев президент Эмомали Рахмондун үй-бүлөсү Кыргызстанда төңкөрүш даярдап жатат деп билдирет. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Ал 2021-жылдын 9-июнунда Эмомали Рахмондун үй-бүлө мүчөлөрү: уулу Рустам Эмомали, күйөө балдары Махмадзоир Сохибов жана Шамсулло Сохибов, аялынын бир тууганы Хасан Асадуллозода, Рустам Эмомалинин досу Шохрух Саидзода жолугушту деп жазган. Жолугушууда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов жана Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода болгон.

Шарофиддин Гадоевдин айтымында, Бишкекте мамлекеттик төңкөрүш жасоо үчүн Садыр Жапаровдун оппозициясын каржылоого акча чогултуу маселеси талкууланган. Анткени алардын негизги бизнесинин бири болгон баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү иши токтоп калган. Ошон үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүн алмаштыруу зарыл болуп калды дейт тажик оппозиционери.