Тажикстандын президенти Кыргызстанга келет

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга мамлекеттик сапары күтүлүүдө. Маалыматты журналисттерге президенттик администрациядан тастыкташты.

Ал Бишкекке 12-13-март күндөрү келет.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашуу даярдалганы маалымдалган.