Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Баткенге барышты

Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Баткен облусуна барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жазылды.

«Депутаттар өкмөттүн өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүштү. Андан соң чек ара чыр-чатагында жабыркаган жергиликтүү калк менен бир катар жолугушуулар өтөт. Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү гуманитардык жардам да алып келишти. Парламенттин атынан жарандарга медициналык дары-дармектер, азык-түлүк жана эң зарыл башка товарлар берилет», — деп жазылат маалыматта.

Сүрөттө Дастан Жумабеков, Тазабек Икрамов, Махабат Мавлянова, Шайлообек Атазов жана башкаларды көрүүгө болот.