Талант Мамытов: «Эки өлкө маселени сүйлөшүү жолу менен чечиши керек»

Айрымдары Тажикстан менен болгон чек арада түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, чагымчыл аракеттерди жасап жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов билдирди.

Анын айтымында, кырдаалды президент көзөмөлдөп турат.

«Президент баарын көзөмөлдөп турат. Жогорку Кеңеш жыйын өткөрүп, маалымат алды. Эки өлкө маселени сүйлөшүү жолу менен чечиши керек. Биз ар дайым кошуна мамлекеттер менен достукта жашап келгенбиз жана мындай мамилени улантабыз. Бирок провокациялар жоопсуз калбайт», — деди ал.