Талант Мамытов Эльвира Сурабалдиева боюнча: «Ар ким өзүнүн кесибин аркалашы керек, билими жана тажрыйбасына жараша»

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип, өкмөттүн жаңы курамы жана түзүмү боюнча комментарий берди. Жаңы түзүмдү спикер «оптимизация» катары баалады. «Мурдагы вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өкмөттүн жаңы курамына эмне үчүн кирбей калды? Пандемия учурунда келген гумжардамдарды бөлүштүрүүлөр боюнча мекемелер аралык комиссиянын ишинде көп былыктардын бетин ачыктады. Ошентип жүрүп бирөөнүн куйругун басып алдыбы? Ошонүчүн өкмөттүн жаңы курамына кирбей калдыбы?» деген суроого да жооп берди.

«Эльвира Сурабалдиева менен коллега катары Жогорку Кеңеште чогуу иштештик. Кийин өкмөттө дагы колунан келген иштерди жасады. Бирок ар ким өзүнүн кесибин аркалашы керек деп ойлойм, өзүнүн аракетине, билимине жана тажрыйбасына жараша»,- дейт Мамытов.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.