Талант Мамытов Валентина Матвиенкодон айрым Кыргыз жарандарын “кара тизмеден” чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранды

Кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Орусия Федерациясындагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык жыйындын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Алгач Валентина Матвиенко парламенттик делегация мүчөлөрүн депутаттык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, Жогорку Кеңешке ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов эки өлкө ортосунда натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн өз ара терең түшүнүшүү бар экенинин белгилеп: «Кыргызстан Орусиянын өз ара ишенимге жана узак мөөнөттүү достук мамилеге негизделген өнөктөшү болуп келген, мындан ары да алакаларыбыз арта берет», — деди.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине да токтолгон Федерация Кеңешинин төрайымы Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясында орус тили расмий тил макамын сактап калганы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар орус тилинин муктаждыктарын эске алуу менен ишке ашырылып, расмий тил катары азыркыга чейин эл аралык баарлашуу тили катары кызматын улантып жатканын белгиледи.

Андан тышкары, жолугушууда миграция тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Төрага Талант Мамытов Орусиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу маселесине токтолуп, Валентина Матвиенкодон Кыргызстандын жарандарынын айрым категорияларын «кара тизмеден» чыгаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө көмөктөшүүнү өтүндү. Валентина Матвиенко кыргыз тараптын миграция жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну сунуштады.