Талант Мамытов: «Мен эки арабаны бирдейинен сүйрөдүм. Оор болду»

СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин спикери, президенттик шайлоо маалында өлкө башчынын милдетин аткарган Талант Мамытов маек берди. Ал өлкөдөгү эң жогорку эки кызматты бирдейинен аткаруу, аны менен катар президенттик шайлоо өткөрүү жеңил болбогонун айтат. «Садыр Жапаров менен доспуз. Досума жан тартпадым десем калп айткан болом. Бирок орустар айтмакчы, Сократ мой друг, но истина дороже дегендей, биз канчалык бири-бирибизге жан тартпайлы мыйзам бардык нерседен жогору турат. Мен эки арабаны бирдейинен сүйрөдүм. Аябагандай оор болду. Бардык тоскоолдуктарга туруштук берүүгө туура келди»,— дейт парламент спикери.

Мамытовдун маеги толугу менен шилтемеде.