Талант Мамытов: “Парламенттик шайлоо адилетсиз өттү”

“Парламенттик шайлоо адилетсиз өттү”. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов кечээ, 20-декабрда Ноокен районунун тургундары менен жолугушууда айтты.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу октябрь айында өлкөдө элдик толкундоолор болуп, анын натыйжасында бийлик тынчтык жолу менен алмашканын белгиледи. Калктын нааразычылыгына парламенттик шайлоонун жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулар менен жана адилетсиз өткөндүгү, республикада сапаттык өзгөрүүлөрдүн болбогондугу себеп болгонун айтты.

«Бул оңой эмес мезгилде өлкөнүн учурдагы жетекчилигине көбүрөөк жоопкерчилик жүктөлүүдө. Бүгүнкү күндө биз үчүн негизги артыкчылыктуу багыттардын бири — президенттик шайлоону ачык жана акыйкат өткөрүү», — деди мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.

Ал президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өткөрүлөрүн кошумчалады. «Өлкө тарыхында биринчи жолу башкаруунун ылайыктуу формасын эл өзү тандайт. Биз шайлоо процессинин таза жана ачык болушун камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз, анткени андан өлкөнүн  келечеги көз каранды», — деп айтты Талант Мамытов.