Талант Мамытов президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен мамилеси кандай экенин айтты

«Парламенттин ичинде анча мынча талаш-тартыш болду» деди депутат Талант Мамытов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

«Баарынын көңүлү ошол учурда чек арада болуп жатса, парламентте ызы-чуу болгонун чыгарып салсак болбойт эле. Анткени биз дагы мекенчилбиз. Маалыматтын чыгып кетишин каалаган жокпуз», — деди ал.

Ал ошондой эле ошол окуядан кийин президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси тууралуу айтты. «Бул жеке мамиле. Мамилебиз кандай болбосун, мамлекеттик кызматта өз милдеттерибиз бар. Менин жумушум парламенттин аракети, мыйзамдуулук, регламент, Конституциялык нормаларды аткаруу. Мен жумушумду кылдым. Ал эми таарынып кетиптир деген туура болбой калат. Анткени ар бирибиздин өз милдеттерибиз бар. Паламентке сыйлабас мамиле болуп калды десек болот», — деди ал.