Талант Мамытов спикерликке кресло кайтарганы келдиби?

Бүгүн Канат Исаев парламенттин спикерлигинен отставкага кетти. Кызматтан кетүүсүнүн себебин президенттик шайлоого катышам деп түшүндүрдү. Анын ордуна өткөн аптадан бери күтүлүп жаткандай эле Талант Мамытовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Кийин ал 100 депутаттын макулдугу менен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Эл өкүлү Өмүрбек Текебаев Мамытовго карата “шайлоого бара жаткан досуңуздун ордун кайтарганы бара жаткандайсыз” деди. Текебаевдин айтымында, Мамытов кимдир бирөөнүн ордун кайтаруу үчүн эмес, өлкөнүн, мыйзамдын кызыкчылыгын коргоо үчүн спикер болушу керек. “Парламент жакпаганына карабастан, азыр бул жалгыз легитимдүү орган. Сиз бир гана парламентти эмес, бүтүндөй өлкөнү башкарасыз. Эгерде президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтсө, анда сиз январга чейин президенттин милдетин аткарасыз. Эгерде экинчи тур болсо, анда февраль айына чейин, эгерде ал да болбой калса, андан ары кызматта кала бересиз. Сиз бардык варианттарга даяр болушуңуз зарыл”, — деди Текебаев Мамытовго.

Талант Мамытов ушунусу менен соңку бир ай ичинде төртүнчү жаңы спикер болуп калды. Ырымы же башкасыбы, айтор Мамытов буга чейинки төрагалар Дастанбек Жумабеков, Мыктыбек Абдылдаев жана Канат Исаевге калпак кийгизип, чапан жапты.