Талант Мамытов Түркиянын элчиси Жеңгиз Фырат менен коштошту

Бүгүн, 26-февралда төрага Талант Мамытов Түркиянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жеңгиз Камил Фыратты Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Мамытов Кыргызстандагы жигердүү жана жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн Жеңгиз Камил Фыратка ыраазычылык билдирип, ал элчи катары иштеп турган учурда эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айткан.

Аны менен катар төрага элчинин түздөн-түз көмөгү менен билим берүү багытындагы курстардан баштап, Кыргыз-Түрк достук ооруканасы сыяктуу бир катар ири долбоорлор ишке ашырылганын белгилеген.

Өз кезегинде элчи Жеңгиз Камил Фырат өзүнүн дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгы жигердүү өнүккөнүн канаттануу менен белгилеп, анын ичинен парламенттер аралык өнөктөштүк жемиштүү уланганын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Мамытов Жеңгиз Камил Фыраттын мындан аркы дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.