Талантбек Солтобаев транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министринин орун басары кызматына дайындалды

Транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министринин орун басары болуп Талантбек Солтобаев дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Тиешелүү буйрук 25-февраль күнү чыккан”, — деп айтылат маалыматта. 26-февраль күнү транспорт министри Гүлмира Абдраева жаңы орун басарын эмгек жамаатына тааныштырды.

Талантбек Солтобаев буга чейин Кубатбек Бороновдун тушунда да ушундай эле кызмат ордун ээлеп турган.