«Талапкерлердин тизмесин партиялар өз алдынча түзүшөт». БШК Акылбек Эшимовдун кармалышы боюнча билдирүү таратты

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «алдамчылык» беренеси боюнча кылмышка шектүү катары БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовдун кармалуусу боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

«БШК жана анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укугуна партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча маселелер кирбейт, партиялардын мындай маселелерди чечүүсүнө БШК кийлигишкенге укугу жок, кийлигишпейт. Шайлоодо партиялардын талапкерлеринин тизмесин түзүү маселеси партиянын гана ички компетенциясына кирет: партиялар шайлоого талапкерлердин тизмесин өз алдынча түзүшөт жана партиянын өз курултайында бекитишет. Демек, укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн жагдай БШК ишмердигинин маселелерине эч кандай тиешеси жок. БШК компетенттүү органдар тарабынан объективдүү жана калыс иликтөө жүргүзүлөт деп ишенет», — деп жазылат билдирүүдө.

Кечээ, 11-сентябрда УКМК ири алдамчылыкка шектелип БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов кармалганын маалымдаган. Анын үстүнөн 2020-жылдын июнь айында парламентик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин биринчи «бештигине» киргизүү үчүн 550 миң доллар бергем деген жаран арыз жазган.