Талас облусундагы коррупциялык схема. Президенттин облустагы өкүлчүлүгү комментарий берди

УКМК Талас облусундагы бийлик бутактарындагы коррупциялык схеманын бетин ачканын, зыяндын жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөнү тууралуу маалымат берген. Бул боюнча президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү комментарий берди.

«УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына таянып, бир нече массалык маалымат каражаттары  президенттин Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коррупциялык схеманы аныктагандыгы тууралуу жазып чыкты. Маалыматта өкүлчүлүктүн айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттеринен улам мамлекетке 15 миллион сом зыян келгени жана аталган факты боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылган. Жогоруда аталган коррупциялык схема тийиштүү укук коргоо органдары тарабынан өкүлчүлүктүн 2020-жылга чейинки ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында аныкталган. Андыктан, учурдагы президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилигине эч кандай тиешеси жок», — деп айтылат маалыматта.