«Талгарбеков менен жакында эле жолугушкам. Ал алжып калыптыр». Садыр Жапаров Бекболот Талгарбековдун маегине карата жооп кайтарды

Мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков «Арыба.кж» сайтына маек берди. Ал өз маегинде президент Садыр Жапаров тууралуу да кеп кылып, убагында Камчыбек Ташиевге Садыр Жапаровдун өлкө башчылыгына даяр эмес экенин айтканын билдирген.

«Бир жарым жыл мурда президенттик шайлоо жарыяланганда, шакиртим Камчыбек экөөбүз жолугуп кер-мур айтышып калдык. Ал «мен Садыр досумду президент кылам» деди. Мен «абдан жаңыласың, аны оттон (абактан) алып, чокко (президенттикке) салып жатасың» деп айттым. «Эмне үчүн?» дейт. «Анткени досуң өмүрүндө бир чакан коллектив жетектеп көрбөгөн, өлкө башчылыкка даяр эмес, билим жана тажрыйбасы жетишсиз, уят болосуңар» дедим. Шакиртим көнбөдү. Ошондон кийин эки достун мамлекеттик ишине эч кийлигишпедим. Абактан жаңы эле чыккан досун аяп, сактап, оор жоопкерчиликти өзү алса болмок. Ал деле президент болуп шайланмак. Акимчиликте, министр, фракция жетекчиси болуп иштеп, тажрыйбасы досуна караганда жүз эсе бай болчу да. Ташиев президент болуп калса, ал Акылбек Жапаров, Бөлтүрүк, Ширшов сыяктуу адамдарды өзүнө жолотпойт болчу. Ошондой эле Кумтөр кени боюнча чыккынчылык келишим түздүрмөк эмес», — деди ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги мурдагы министрдин айткандары боюнча комментарий алуу үчүн президенттин маалымат катчысы менен байланышып, президент Садыр Жапаровдон жогорудагы маекте айтылгандарга комментарий алдык.

— Убагында Акаевдин айыл чарба министри болгон Бекболот Талгарбеков сизге патерналист деген баасын берип, бир топ сын-пикирлерди айтты. Өзүн оппозициянын башында турган лидермин деп жарыялаган жайы да бар эле. Буга кандай дейсиз?

— Ал аксакал “патерналист” деген сөздүн маанисин өзү деле түшүнбөсө керек. Мен ал кишиге байланыштуу болгон бир окуяны айтып берейин. Акаевдин убагында — 1997-жылы Жалал-Абад облусуна губернатор болуп дайындалып барып калат. Волгасын айдатып алып жолдо кетип бара жатса, дыйкандар жолдун жээгиндеги тытты кыркып жаткан болушат. Айдоочусуна машинасын токтотот. Түшө калып тыт кыркып жаткан дыйкандарга “Энеңди…, атаңды…, бул бактарды эмне кыркып жатасыңар, токтот эле токтот!» деп кыйкыра баштайт. Анда дыйкандар «Урматтуу губернатор, бул дарактын атын тыт дейт. Дайыма жаздын күнү кыркып, тегиздеп туруш керек. Антпесең жапайы болуп кетет” деп түшүндүрүшөт. «Аа, ушундай өсүмдүкпү» деп кайра эч уялбастан туруп эч нерсе болбогондой Волгасына олтуруп жолун улап кетет. Дыйкандар шылдың кылып күлгөн бойдон иштерин уланта беришет. Бул жарыктык киши өзү 1993-1996-жылдары айыл чарба министри болгон. Эң жок дегенде тыт эмне экенин ошол мезгилде билип алса болмок да. Дал ошол Талгарбеков айыл чарба министри болгон мезгилде Кыргызстандын айыл чарбасын, мал чарбасын талкалап кеткен, тыптыйпыл кылып жок кылган. Муну бүткүл кыргыз эли билет. Ошондон бери айыл чарбабыз бутуна тура албай келатканын көрүп жатасыздар.

Мен эми сиздерге кечээ эле болгон дагы бир күлкү келерлик окуя жөнүндө айтып берейин. Өткөндө Талгарбеков кабыл алуума жазылыптыр. Аксакал кишини кабыл алып коеюн деп кабыл алдым. Жарыктык киши алжып калыптыр. Бир саат тынбай сандырак сөздөрдү сүйлөп убактымды алды. «Мени кеңешчи кылып ал. Анан мен айткан кишини Нарын облусуна губернатор кылып коюп бер. Мен Акаев мезгилинде биринчи этабын бүтүрүп койгон айыл чарба реформамдын экинчи этабын Нарын облусунан улантайын» дейт. Аксакал кишини капа кылбайын деп, унчукпай ичимен күлүп тим болдум. Анын сөзү мага “Акаев мезгилинде аягына чейин талкалап жетишпей калган айыл чарбасын биротоло күм-жам кылайын” дегендей эле угулду. Сылык-сыпаа узатып койдум. Андан бери эки ай убакыт өттү. Өзүн кызматка койбосоң же баласын губернатор кылбасаң эле ушинтип оппозиция болуп чыга келишет. Айланасына абышка-кемпирлерди топтоп алган, «Төртүнчү революцияны мен жасайм да, президент болом” деп жүрөт. Москвага барып акча да издеп келди. Буларга мамлекеттин тагдыры бир тыйын экен. Элди ойлоп да койбойт, анан эле эл деп сүйлөсө, жанына киши тура албайт. Бирок жүрөгүндө эл деген кыпындай да мекенчилдик сезими жок. Биз саясатчылар элге ким чындап жүрөгү менен күйөрүн, ким тили менен күйөрүн, кимдин ким экенин жакшы билебиз да. Ошондуктан мындай кишилерге көңүл бурбай эле койгула. Мындай кишилер коомубузда толтура. Ар бирине көңүл бура берсең алдыга жыла албайсың.