Талиева Имановго: «Мамлекеттик кызматта бир күн иштебепсиз. Министр болууга даярсызбы?»

«Мамлекеттик кызматта бир күн иштебей кантип министр болосуз?». Мындай суроону бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна каралган Талантбек Имановго берди.

«Мамлекет сизге буга чейин иштеп келген «Дастан» акционердик коому эмес. Мамлекет бул элдин тагдыры. Сиз моралдык жактан министр болгонго даярсызбы? Мамлекеттик кызматта бир күн да иштебепсиз. Кандай коркпой бара жатасыз? Жаш экенсиз, 35те. Бул өтө чоң саясий кызмат», — деди депутат.

Министр кызматына бара жаткан талапкердин айтымында, соңку күндөрү көп ойлонгондуктан, уктабай да калган. «Чоң жоопкерчилик экенин түшүнүп турам. Билимимди, жаштыгымды, болгон аракетимди жумшайм», — деди Талантбек Иманов.