Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев оң рулдуу унаалардын айдоочуларына такси катары иштей албайсынар деген токтом чыгарганы жатканын айтып, айып пул 3 миң сом болорун билдирип, нааразы болду.
«Азыр акыбал жакшы эмес. Азык-түлүк кымбат. Албетте, жол коопсуздукту ойлонуш керек, бирок депутаттар оң рулдуу таксилер дагы 5 жыл иштесе деген мыйзам чыгарып жатабыз. Муну 5 жылга жылдыруу керек. Бул бир топ кишиге терс таасирин тийгизет, канча үй-бүлө жумушсуз калат. Тамакка акча таба албай жүрсө… Иретке келтирүү керек, бирок башка жолу бар. Ушуну президентке, Минкаб башчысына жеткирип койсоңор», — деди ал.








