«Тандоо бир гана элде». Өкмөт башчы шайлоону уюштуруу боюнча штабдын биринчи отурумун өткөрдү

Премьер-министр Улукбек Мариповдун төрагалыгында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму видеоконференция режиминде өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министр өкмөт таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүп жаткандыгын белгиледи. «Биз республиканын ар бир жаранына өз эркин билдирүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайбыз. Тандоо бир гана элде», — деди өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы, республикалык штабдын тең төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берди. Анын айтымында, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 420 айылдык кеңеште жана 28 шаарда өтөт. Шайлдабекова кошумчалагандай, биринчи жолу гендердик теңчилик боюнча мандаттарды карап чыгуу принциби сакталат.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында шайлоо участкаларындагы коопсуздукту камсыз кылуу жана эпидемиологиялык чараларды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгына токтолду.

Премьер-министр бардык шайлоо тилкелерин добуштарды эсептөө үчүн үкөктөрдү, алыскы райондорду интернет байланышы менен камсыз кылуу керектигин белгиледи.