Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «Эгинди тебелегендиги үчүн айыл чарба жаныбарларынын ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Демилгечи – депутаттар Дастан Бекешев жана Азамжан Джалилов.
Мыйзам долбоору жер пайдалануучулардын, фермерлердин укуктарын коргоо, малды кароосуз жайып багууну токтотуу, жабыр тарткан адамдарга келтирилген зыяндын ордун толтуруунун иштей турган механизмин түзүү максатында иштелип чыккан. Ошондой эле айып пулдардын адилеттүү өлчөмдөрүн белгилөөгө, кароосуз калган малдарды алып коюунун мөөнөттөрүн кыскартууга жана күнөөлүү адамдарды узакка созулган соттук териштирүүлөрдүн зарылчылыгысыз жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
«Эми мал талаада калып калса, анын ээси белгиленген айып пул гана эмес, малдын ар бир башы үчүн кошумча сумманы да төлөөгө милдеттүү болот. Мисалы, бир уй үчүн кошумча миң сом, ал эми бир кой үчүн беш жүз сом төлөөгө туура келет. Алынган айып пул толугу менен мамлекетке түшпөйт. Сумманын үчтөн бир бөлүгү республикалык бюджетке, экинчи үчтөн бир бөлүгү айылдын жергиликтүү бюджетине, ал эми акыркы үчтөн бир бөлүгү айдоо жерлери жабыркаган фермерге түз төлөнөт», — деди депутат Дастан Бекешев.
Эл өкүлү идентификациясы жок малдын ээси үч күндө, ал эми идентификациясы бар малдын ээси жети күндө табылбаса жергиликтүү бийликке аны мал базарда сатууга укук берүү сунушталып жатканын да кошумчалады.
Талкуу маалында депутат Табылды Муратбеков мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, бирок айыл жергесиндеги элдин ынтымагына доо кетире турган айрым жагдайларга кылдат мамиле жасалышы керектигин билдирди. Эл өкүлү ошондой эле малдын ээси табылбаса аны мал базарда сатууга укук берүү тууралуу ченемди кайра карап чыгууга чакырды. Ошондой эле депутаттар Махабат Мавлянова, Нилуфар Алимжанова, Алишер Козуев, Алтынкуль Мурзакимова жана Эркеайым Сейтказиева аталган мыйзам долбоорун эки тараптуу карап, фермерлер, дыйкандар жана башка тиешелүү тармактардын өкүлдөрү менен бирге кеңири талкуулоо үчүн парламенттик угуу өткөрүүнү сунушташты.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.