Тармактык комитет Эмгек министринин кызмат ордуна Жылдыз Полотованын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынындаЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Полотова Жылдыз Арстанбековнаны дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Полотова Жылдыз Арстанбековнаны дайындоого макулдук берүү жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Жыйынтыгында комитет президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.