Тармактык комитет Курманкул Зулушевди башкы прокурорлуктан бошотууга макулдук берди

Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурорду кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралып, жактырылды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.