Тармактык комитет Талант Имановдун талапкерлигин министрлик кызматка жактырды

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Санарип өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Иманов Талант Орускуловичтин талапкерлигин карады.

Алгач сунушталган талапкер тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов учкай маалымат берди. Талкуу маалында депутаттар Бакыт Төрөбаев менен Гуля Кожокулова талапкердин санарип өнөктүрүү чөйрөсүндөгу көз караштарына кызыкты. Ал эми депутаттар Чыңгыз Ажибаев, Замирбек Мамасадыков жана Жусупбек Коргонбай уулу аймактардагы калкты тейлөө борборлорунун ишинин сапатын жогорулатуу зарылчылыгына токтолушуп: “Ал жерлерде жарандарыбыз эки күндөп кезек күтүп жатышат”, – дешти.