Тартип комиссиясына Жогорку Соттун төрайымын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген көрсөтмө келип түштү

Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу көрсөтмө келип түштү. Мындай документ Башкы прокуратура тарабынан келип түшүп, учурда документ изилденип жатат.

Кечээ аталган комиссияга президенттин квотасы менен барган Маратбек Осмонкулов жаңы мүчө да болуп, андан тышкары төрага да болуп шайланууга жетишкенин маалым кылганбыз.

Өткөн аптада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Соттун төрайымына карата кылмыш иши козголгонун, Тартип комиссиясы макулдук берсе, анда камакка алынарын билдирген эле. Өз учурунда анын мындай билдирүүсү коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып жатат.

Буга кошумча кечээ Европалык союздун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнөн “Жергиликтүү сот” долбоору боюнча тендер өткөрүүгө Жогорку Соттун тиешеси жок деген билдирүү таратты. Ташиев Калиевага карата ачылган иш дал ушул долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын айткан эле.