Тарыхта биринчи жолу Сот адилеттиги үйү Караколдо ачылды

default

Президент Садыр Жапаров кечээ, 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапардын алкагында Каракол шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты.

Кыргызстандын сот тутумунун тарыхында биринчи жолу Сот адилеттиги үйү ачылып, бир имаратта Ысык-Көл облустук соту, Каракол шаардык соту жана Ысык-Көл административдик соту жайгашат. Бир катар жергиликтүү сотторду бир жерге жайгаштыруу менен көптөгөн маселелер чечилип, мурда колдонулган имараттар бошотулду. Буга чейин бул имарат чек арачы-аскерлер үчүн 500 орундуу жатакана (казарма) катары пайдаланылган, ал эми 2021-жылдын сентябрь айында Сот адилеттиги үйүнө ылайыктап, капиталдык оңдоосу башталаган.

Маалымат үчүн: 5 кабаттуу Сот адилеттиги үйүнүн имаратында заманбап лифт орнотулган, бардык категориядагы жарандар, жалпы эле сот процессине катышкандар үчүн талапка жооп берерлик шарттар түзүлгөн. Айыпталуучулар үчүн бүгүнкү күндүн талабына ылайык келген заманбап убактылуу кармоочу жайлары бар. Ошондой эле кызматкерлердин ыңгайлуулугу үчүн ашкана жана спорт менен машыгуу жайлары бар. Жакынкы арада мини-футбол аянтчасын куруу пландалууда. Сот отурумдары өтүүчү залдардын эмеректери, судьялар менен башка кызматчылардын иш бөлмөлөрү да толугу менен жаңыланган.