«Тарыхты убакыт тастыктайт». Атыр Абдрахматова кызматтан бошотулгандан кийин үн катты.
«Эркин элдин эртеңи болот. Кыргызстандын эркиндигине кызмат кыл, мен чапкан жолдун сапарын улантар урпагым чыгарына ишенем» деген эле чыныгы элдик лидер Жусуп Абдрахманов. Мен да ишенем, Жусуп Абдрахмановдун урпактары көппүз. Эл тараза, тарыхты убакыт тастыктайт», — деп жазды ал.
Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу токтом долбоору добушка коюлуп, 50 депутат «макул», 5 депутат «каршы» добуш берди.