Ташиев: «1-апрелден тартып айлык көтөрүлөт дегендин аскер кызматкерлерине тиешеси жок»

Бүгүн, 24-мартта Министрлер кабинетинин Антикризистик планды иштеп чыгуу боюнча жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 1-апрелден тартып аскер кызматкерлеринин жанан укук коргоо кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөй турганын айтты.

«Өлкөдө он миңдеген аскер кызматкерлери жана укук коргоо кызматкерлери бар. Алар күтүп жатышкан болчу. Айлыгы 1-апрелден тартып көтөрүлбөй турганы боюнча ачыгын айтуу керек. Биз алардын маянасын жогорулатууну 1-августтан тартып пландап жатабыз», — деди Ташиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мугалим, врач, маданият ишмерлеринен турган 309 миң адамдын айлыгы 1-апрелден тартып көтөрүлө турганын айтты.