Ташиев: «Ачык айтайын, Атамбаевдин ден соолугу анча жакшы эмес»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн берген маалымат жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы тууралуу суроого жооп берди.

«Алмазбек Шаршенович азыр УКМКнын тергөө абагында. Ачык айтайын, анын ден соолугу анча жакшы эмес. Эртең аны менен көрүшөм. Эгерде ден соолугу начар болсо, анда башка жайга же ооруканага которуу боюнча чечим кабыл алам», — деди Камчыбек Ташиев.

Алмазбек Атамбаев соңку айда ден соолугу начарлаганын айтып, анын катышуусундагы соттук отурумдар үч жолу жылдырылганы маалым.