Ташиев Айдаровага: «Сиз жол тескөөчүлөргө көрсөткөндөй күбөлүктү көрсөтсөңүз да Кемпир-Абадга киргизбейт»

Депутат Айгүл Айдарова Жогорку Кеңештин жыйынында Кемпир-Абад боюнча суроолорду берди. Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди.

«Эмне үчүн ушуга чейин биз сууну толук пайдалана алган эмеспиз» дедиңиз. Себеби, коомчулук жакшы билет, биз Кемпир-Абаддын жанына бара алган эмеспиз. Дамбаны Өзбекстан курган. Сууну азыр деле Өзбекстан башкарып келет. Азыр сиз депутат катары күбөлүгүңүздү көрсөтсөңүз да сизди киргизбейт. ГАИге көрсөткөндөй күбөлүгүңүздү көрсөтсөңүз деле киргизбейт. Бул дамба биздики деп айтат. Көлдү пайдаланууга укугубуз болгон эмес. Балык кармай алчу эмеспиз, мал сугара алчу эмеспиз. Ок жеп каза болгондор болгон», — деди Ташиев.