Ташиев: «Айрым президенттикке талапкерлер шайлоого эмес, тополоң кылууга даярданып жатышат»

«Айрым президенттикке талапкерлер шайлоого эмес, шайлоодон кийин тополоң кылууга даярданып жатышат. Үгүт кампаниясын жүргүзбөй эле кырдаалды туруксуздаштыруу иштери менен алек». Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, айрым президенттикке талапкерлердин абалды туруксуз кылуусуна жана бийликти басып алуу аракеттерине жол берилбейт.

«Бизде кайсы талапкер эмне кылып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Айрым маалыматтар боюнча документтер чогулуп жатат. Шайлоодон кийин ошол талапкерлерге карата чара көрөбүз. Деструктивдүү күчтөр 1-5-10 миң кишини алып чыга турган болсо, эл миллиондоп көтөрүлөт. Кандайдыр бир жол менен абалды туруксуз кылган митинг өткөрүп, бийликти басып алууга аракет кылам дегендер үмүт кылбасын. Жол бербейбиз», — деди Камчыбек Ташиев.