20-март күнү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Айт намаздан кийин элден кечирим сурап, өзү тууралуу жалган жалаа жана ушак-айың тарап жатканын айтты.
«Кимдир бирөөнү капа кылып койсом, кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылып койсом, алардан кечирим сурайм. Орозо айында жалган жалаа, ушак-айың тараткан ар бир адамды кечирдим. Мындан ары мындай жаман иштерге барышпасын, туура эмес маалыматты таратпасын», — деди ал.
Камчыбек Ташиев Бишкектеги Жал кичи районундагы мечитте окулган Айт намазга барды. Соцтармакта тараган видеолордон анын жанында Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев жүргөнүн көрүүгө болот.