«Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу аймак болуп чечилди». Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Эми бирөө келип, «менин жолум» деп тосуп ала албайт. Ушу менен чечилди. Төрт-Көчө боюнча айтарга сөз көп. Кийин айтам. Буга чейинки биздин чиновниктердин, мамлекеттик чоң жетекчилердин жасаган иштери чыккынчылык болгонун мен дагы бир жолу айта кетейин. Мен муну силерге жакшылап түшүндүрөм», — деди ал.










